Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу жүк ташуучу унаалардын Бишкек-Ош жолу менен жүрүүсүнө убактылуу тыюу салынат.
Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы (ЖКККК) маалымдагандай, жүк ташуучу унаалар бүгүн, 24-февралда саат 15:00 тартып 25-февраль күнү таңкы саат 5:00ке чейин «Сосновка» бекетинен ары коё берилбейт. Бул магистралдагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол тыгындарынын алдын алуу максатында ишке ашырылууда.
Ушундай эле чектөө Жалал-Абад облусундагы «Арал» бекетинде да киргизилет.
ЖКККК бардык айдоочулардан зарылчылык болбосо, аба ырайы турукташканча жолго чыкпай турууну өтүнүүдө.
23-февраль күнү Бишкек-Ош жолунда үч жерге кар көчкү түшкөн. Жалпы көлөмү 20 миң куб метрден ашуун кар көчкүнү тазалоо үчүн магистралдагы кыймылга убактылуу чектөө киргизилген. Көчкүдөн жабыркагандар жок.