Четверг, 25 апреля

Максат Сабиров депутаттык мандатын тапшырды

0

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров мандатын тапшырды. Бул туурасында ал өзү бүгүн жалпы жыйында маалымдады.

Сабиров жаштарга орун бошотуп берүү максатында кызматтан кетип жатканын айтып, жалпы шайлоочуларга жана кесиптештерине ыраазычылык билдирди.

Максат Сабиров “Республика — Ата-Журт” партиясынын мүчөсү, 2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты болуп келе жаткан. Өткөн жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого “Республика” партиясы менен катышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз