Четверг, 25 апреля

Өмүрбек Текебаевдин мандатына байланыштуу соттук териштирүү жылдырылды

0

Бүгүн, 23-февралда Жогорку сотто «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүүнүн мыйзамдуулугун карамак. Соттук териштирүү тууралуу депутаттын өзү кабардар болбогонуна байланыштуу жараян 3-мартка жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүү мыйзамдуу болгон деген негиз менен 5-февралда Жогорку сотко кайрылган.

Буга чейин Бишкектин Административдик соту Текебаевге мандат мыйзам бузуу менен ыйгарылган деген негизде БШКнын чечимин жокко чыгарган. Бишкек шаардык соту чечимди күчүндө калтырган. Соттун бул ишке кайрылышына жарандык активист Темирлан Ормуковдун арызы негиз болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз