Среда, 24 апреля

Бишкек-Ош унаа жолу убактылуу жабылды

0

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкек-Ош кара жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы маалымдады.

Учурда бардык автоунаалар «Сосновка» бекетинен ары коё берилбейт. Бул магистралдагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол тыгындарынын алдын алуу максатында ишке ашырылууда.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы зарыл жумушу жокторду тоолуу аймактарга чыкпоого чакырат.

«Кыргызгидромет» 25-февралда республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаап, жолдор тайгак болорун эскерткен.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз