Среда, 17 апреля

Арменияда төңкөрүш болуудабы?

0

Еревандыктар премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып магистралдарды тосуп жатышат. Бул тууралуу armnews жазды.

Маалыматка караганда, жолдор эл тарабынан жабылгандыктан кыймыл токтоп калган.

Буга чейин Армениянын куралдуу күчтөр боюнча башкы штабы Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып, өзүнүн элине каршы күч колдонбоого чакырган. Кийин өкмөт башчысы башкы штабдын жетекчиси Оник Гаспарянды иштен алып, өзүнүн тарапташтарын өкмөт үйүнүн алдына чакырган.

Кийин өкмөт үйүнө парламенттин спикери Арарат Мирзоян, вице-спикер Ален Симонян, депутаттар жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү келишкен.

Пашиняндын рейтинги күзүндө Баку менен Тоолуу Карабах боюнча элдешүүгө кол койгондон кийин кескин түшүп кеткен. Анда Ереван Кельбажар, Лачин жана Агдам райондорунан баш тартууга аргасыз болгон. Ошондон кийин Армениянын борборунда нааразычылык акциялары башталган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз