Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 1in.am басылмасына берген маегинде Тоолуу Карабах чырында Армян аскери колдонгон Орусиянын “Искандер” ракеталык комплекси жетишерлик натыйжа бербегендигин, ракеталардын толук жарылбагандыгын, же 10 пайызынын гана жарылганын айтты. Мынтип премьер буга чейин өлкөнүн мурдагы президенти Сержа Саргсяндын: ”Армения Карабах чырынын төртүнчү күнүндө ракеталарды колдонсо болмок” – деген пикирине комментарий берди.
“Менин оюмча ал бардык суроолордун жоопторун билүүсү керек жана өзү жообун билген суроолорду бербеши керек. Балким ал жооп береттир, эмне үчүн атылган “Искандер” ракеталары жарылган эмес, же болбосо алардын 10 пайызы гана жарылган?” – деди Пашинян. Журналисттин: ”Ошондой дагы болмок беле?” – деген суроосуна Пашинян: ”Билбейм. Балким курал 80-жылдардагыдыр” – деп жооп берди.
Армения 2016-жылы чет өлкөлөрдүн ичинен биринчи болуп “Искандер” ракеталык комплексин алган. Куралдар ошол эле жылы сентябрь айында өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн парадда көрсөтүлгөн. Бул куралды Армения ЖККУнун курал-жарак менен камсыздоо келишиминин алкагында алган болчу.