Пятница, 20 сентября

Касым-Жомарт Токаевдин атасы Фрунзедеги балдар үйүндө тарбияланган

0

Казакстандын жаңы президенти тууралуу кызыктуу 7 факты
20-мартта казак элине чын ниети менен кызмат кыла тургандыгы боюнча жаңы президент Касым-Жомарт Токаев ант берди.
Бул аралыкта айрым маалымат каражаттары жаңы президенттин биографиясын иликтеп чыгып, кызыктуу жети фактыны табышты.
№.1. Үй-бүлөсү
Касым-Жомарт интеллигенттин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Анын атасы – Кемел Токаев — белгилүү казак жазуучусу, Казакстандагы детектив жанрынын негиздөөчүсү. Фронтовик, Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени жана “Каармандыгы үчүн” эки медал менен сыйланган.
Апасы – Шабарбаева Турар – эл аралык — лингвист, педагогикалык окуу жайдын окутуучусу.

№2. Касым-Жомарт Токаевдин атасы ачарчылыктан Фрунзеде жан сактаган
Казакстанда өткөн кылымдын 30-жылдары ачарчылык болгон учурда Касым-Жомарт Токаевдин атасынын үй-бүлөсү Фрунзеге көчүп келишкен. Бул жерде анын чоң атасы өтө аз маяна төлөнгөн жумушка орношкон. Бирок көп өтпөй күтүлбөгөн трагедия болгон: Токаевдердин апасы каттуу ооругандыктан, көп кыйналышкан. Бир ирет, үй-бүлөнүн атасы жумушта кезинде, ал эми чоң балдары Касым жана Кемел базарга кетишкенде тамак даярдаган очокко үч жашар жалгыз кичүү кызы жыгылып түшкөн. Бирок апасы ордунан кыймылдай албагандыктан, кызы кантип тирүүлөй күйүп жаткандыгын тиктеп гана туруп калган.
Атасы үйгө келип, жүрөктүн үшүн алган трагедияга – күйүп калган кызын жана күйүттөн жан берген аялына туш болгон. Ушул гана жетишпей тургансып, базардан кайтып келаткан Кемел менен Касымды милиция үй-жайы жок балдарга кошуп алып кеткен.
Атасы балдарын бирөөлөр уурдап кетти го деп ойлогон. Тагдырдын дагы бир соккусуна туруштук бере албай, ал белгисиз жакка кетип калган. Ошентип Кемел жана Касым Токаевдер Фрунзедеги балдар үйүнө түшүп калышкан.

№3. Президенттин атасын Илизаров аппаратын түзүүчү сактап калган
Согушта жарадар болгондон кийин Кемел Токаевдин бутун ампутация кылып, толук мунжу болуп калуу коркунучу күтүп турган. Бирок аскердик госпиталда аны дарылоону жаш болгон менен белгилүү врач-ортопед Гавриил Илизаров колго алган.
Анын кылдат дарылоосу менен Касым Токаев кайрадан басканды үйрөнгөн.

№4. Мектеп жылдары
Касмы-Жомарт Токаев Алматыдагы №25 мектеп-гимназияны аяктаган. Бул 50 жылдан бери француз тили тереңдетилип окутулган жалгыз мектеп.
Айтмакчы, ушул эле мектепти белгилүү орус саясатчысы, ЛДПР фракциясынын лидери Владмир Жириновский да аяктаган.

№5. Адабиятчы 
Касым-Жомарт Токаевдин саясый ишмердүүлүктөн тышкары жазуучулук да таланты бар – атасынын гени өткөн окшойт. Бирок анын атасы негизинен детективдик жанрдагы чыгармаларды жазса, уулу мемуарларга көбүрөөк басым жасаган. Болгондо да ал мемуарлар жөнөкөй эмес, эгемендүү Казакстандын дипломатиясынын бутка туруусунун маңызы менен мүнөзүн ачкан чыгармалар.

Биринчи жана бир нече ирет кайра басылган “Жеңип чыгуу” аттуу очерктер жыйнагы 2003-жылы жарык көргөн, арадан беш жыл өтүп ТИМдеги министрдик иштердин тарыхын камтыган “Жарык жана караңгы” деген китеби жарыяланган. Мындан тышкары Токаевдин редакциялоосу менен 2004-жылы Казакстандын дипломатиялык кызматы үчүн окуу куралы чыккан.

№6. Бизнесмен-уул
Касым-Жомарт Токаевдин жеке жашоосу тууралуу маалымат аз. Анын үй-бүлөсү бар, жубайы — Надежда Давыдовна — кайрымдуулук менен алектенет.
Уулу Тимур 1984-жылы төрөлгөн. Ал Атырау облусунун Махамбет районундагы “Грядовое” деп аталган кендеги казуу иштери менен алектенген “Даби Петролиум Компани” мунай компаниясынын кожоюндарынын бири болуп саналат.

№7. Сергек жашоонун жактоочусу
Касым-Жомарт Кемелевич сергек жашоо жашоо образын алып жүрөт жана спорт менен машыгат. Анын өспүрүм кезден бери эле кызыкканы — пинг-понг. Токаев 13 жылдан бери Казакстандын Стол тенниси федерациясын жетектейт. Саясатчы шаан-шөкөттүү столду жактырбайт, ал эми бош убактысында шашпай басканды жана китеп окуганды сүйөт. Жактырган авторлорунун бири — акын Ирина Ратушинская.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз