Вторник, 7 мая

Казакстанда чет элдиктерге айыл чарба багытындагы жерлерди сатууга тыюу салынды

0

Казакстанда айыл чарба багытындагы жерлердин чет элдиктердин сатып алышына жана арендага алышына тыюу салынды.

Президент Касым Жомарт Токаев өлкөдө беш жыл мурда митингдерге себеп болгон айыл-чарба багытындагы жерлердин чет элдик инвесторлорго ачуу чечиминин расмий түрдө жоюлгандыгын жарыялады.

Коомдук Ишенимдин Улуттук Кеңешинде сөз сүйлөгөн Токаев : «Айыл-чарбага багытталган жерлер элибиз үчүнар дайым маанилүү болуп келген. Бул мамлекетибиздин пайдубалы жана ыйык символу. Айыл — чарба аянттарынын чет элдиктерге сатылышына же арендага берилишине тыюу салуу чечимин кабыл алдым. Буга чет элдик акциялары болгон юридикалык жактар да кирет»,- деди.

Кытай менен Орусиянын ортосундагы Казакстан дан, май өсүмдүктөрү жана эттин негизги өндүрүүчүсү. Борбордук Азиянын 19 миллион калктуу өлкөсүндө беш жыл мурда айыл-чарба аянттарын чет элдик инвесторлорго ачуу чечими, өзгөчө «Кытай бардык жерлерди жана чөп жайларды басып алат» деген негиз менен митингдердин болушуна себеп болгон. Ушул негиз боюнча башкаруу 2016 – жылы өлкөдө айыл- чарба аянттарынын чет элдиктерге арендага берүү чечимин токтоткон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз