Понедельник, 13 мая

Бүгүн Кыргызстанда мамлекеттик желек күнү

0

Бүгүн, 3-мартта Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтында Кыргыз желегинин күнү белгиленди. Бул тууралу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул салтанатта Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Белгилей кетсек, кыргыз туусу Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Авторлук жамаат: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы – бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз