Суббота, 4 мая

«YTB түркчө сыйлыктары» программасы конкурс жарыялады

0

Өлкө тышындагы түрктөр жана тектеш коомдор башкармалыгы (YTB) түрк диаспорасына мүнөздүү адабият тармагында  жаңы демилгелерди көтөрүү жана бул тармактагы таланттарды ачуу максатында «YTB түркчө  Юнус Эмре атайын сыйлыктары» конкурсунун уюштурулгандыгы билдирди.

YTBден берилген жазуу түрүндөгү маалыматта конкурстун өлкө тышында жашаган жарандардын эне тили тууралуу компоненттүүлүгүн, көркөм сөз чеберчилигин өркүндөтүү жана түркчөнү турмушунун бардык тармактарында колонуу үчүн  уюштурулган түрдүү долбоорлордун негизинде ишке ашыралары билдирилди. Маалыматта жыл сайын өткөрүлгөн «YTB түркчө сыйлыктары»  конкурсунда президент Р. Т. Эрдогандын 2021 —  жылды «Юнус Эмре жана түркчө жылы» деп жарыялашынан кийин бул жыл «YTB түркчө сыйлыктары Юнус Эмре атайын программасы» деген ат менен өткөрүлөрү маалымдалды.

Конкурстун аңгеме, поэзия, эссе, жана китепке колдоо деген 4 категорияда  өткөрүлөрү жана даражага кирген талапкерлерге түрдүү сыйлыктардын берилери билдирилди.

Маалыматта акыркы кайрылуу күнү 30 —  июнь деп белгиленип, конкурска катышууну каалаган жарандардын чыгармаларын керектүү документтер менен бирге электрондук почта аркылуу жиберүүлөрү керектиги баса белгиленди.

Конкурс тууралуу маалыматты жана документтерди » www.ytb.gov.tr «адресинен алууга болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз