Суббота, 4 мая

Өмүрбек Текебаев мандатынан кайра ажыратылды

0

Кыргызстандын Жогорку соту 3-мартта «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандаттын кайтарылып берилишине байланышкан ишти карады. Сот отурумунда Бишкек шаардык соттун чечими өзгөртүүсүз калды.

Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт. Муну менен Текебаев мандатынан кайра ажыратылды.

Саясатчы 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына наразылык акциялары жапырт баш-аламандыкка айланып, бийлик алмашкандан кийин кайрадан депутат болгон.

Буга «Ата-Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз өзүнүн депутаттык мандатын партия лидерине ыйгаруу өтүнүчү менен БШКга жазган арызы негиз болгон. Боршайком арызды 15-октябрда карап, көпчүлүк добуш менен канааттандырып, ага мандат берилген.

Бирок жарандык активист Темирлан Ормуков Текебаевге «мандат мыйзам бузуу менен ыйгарылган» деген негизде сотко кайрылган. Бишкектин Административдик соту БШКнын мандатты кайтаруу тууралуу чечимин жокко чыгарган. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту ал чечимди күчүндө калтырган.

Ал эми БШК Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүү мыйзамдуу болгонун белгилеп, быйыл 5-февралда Жогорку сотко даттанган. 3-мартта жогорку инстанцияда ушул арыз каралып, канааттандырылган жок.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз