Понедельник, 13 мая

Бишкекте 9-марттан баштап 2-4-класстар да мектепке бара башташат

0

Бишкекте 9-марттан баштап 2,3,4-класстын окуучулары да мектепке барып окуй башташат. Мэриянын маалыматына караганда, мындай чечим эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын отурумунун жыйынтыгында кабыл алынды.

Буга чейин 2020-2021-окуу жылынын экинчи чейрегинде Бишкек шаарынан башка аймактардагы мектептер 1-6, 9, 11-класстарга ачылган. Андан кийин этап-этап менен башка класстар да бара баштаган.

Февралдан тартып Бишкекте 1,5,9, 11-класстын окуучуларына мектепке барып окууга уруксат берилген.

9-мартта бала бакчалар даярдоочу жана жогорку тайпадагы балдарга жана атасы же апасы гана тарбиялап жаткан жеткинчектерге эшигин ачат. Бирок ар бир тайпада баланын саны ондон ашпашы керек.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз