Ирактын Анбар провинциясында Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) аскерлери жайгашкан Айн аль-Эсед аскердик базасына 10 ракета менен кол салуу болгондугу билдирилди.
Бул кабарды жарыялаган Ирактын расмий агенттиги, кол салууну ким уюштургандыгы жана кыйроолор болуп-болбогону тууралуу маалымат берген жок.
Ирак өкмөтү бул маселе боюнча азырынча билдирүү жасай элек.