Пятница, 17 мая

Түркияда аскердик учак кулап, 11 аскер каза болду (Фото)

0

Түркияда аскердик тик учак кулады. Бул кырсык кечээ, 4-мартта өлкөнүн түштүк-чыгышында болуп, 11 аскер каза болду. Дагы 4 аскер жараланган. Бул тууралуу Түркиянын Улуттук Коргоо министрлиги кабарлады.

Аскердик учак күндүз Бингөл шаарынан чыгып, Битлис аймагынын Татван шаарында кулаган. Учак абага көтөрүлгөндөн 30 минутадан кийин байланыш үзүлгөн.

Куткаруу иш чарасына учкучсуз учак, CN-235 үлгүсүндөгү учак жана тик учак жиберилген. Күбөлөрдүн айтуусунда учак туруксуз аба ырайынан улам кулаган.

 

Түркиянын Улуттук Коргоо министри Хулуси Акар Башкы штабдын жетекчиси жана кургактыктагы аскерлердин командири менен кырсык болгон аймакка барышты.

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган курман болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бул кырсык боюнча тергөө иши баштатылды.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз