Суббота, 4 мая

Садыр Жапаров ЭКУга мүчө мамлекеттердин саммитине катышты

0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ, 4-мартта, Экономикалык кызматташтык уюмунун 14-саммитинин видеоконференция форматында өтүп жаткан ишине катышты.

Мамлекет башчысы саммитте сөз сүйлөп, сөзүнүн башында өлкөдөгү акыркы саясий-коомдук окуялар, анын ичинде башкаруу формасын тандоо боюнча референдум тууралуу кыскача айтып өттү.

Ал өз сөзүндө, Кыргызстандын эли өзүнүн мындан аркы өнүгүү жолун аныктагандыгын айтты. Жакында тиешелүү конституциялык түзөтүүлөр добушка коюлуп, мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо боюнча иштер баштала тургандыгын айтып өттү.

«Кыргызстан буга чейинки жетишилген келишимдерге ылайык, эл аралык милдеттенмелерин аткара берет. Биз чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүз менен достук мамилелерди өнүктүрүүдө ырааттуулукту сактоого убадаларыбызды тастыктайбыз», — деп баса белгиледи Президент. Ал Кыргызстандын бардык мамлекеттер менен достук мамилелер, өз ара түшүнүшүү жана кызыкчылыктарды урматтоо принциптеринде баарлашуу жана өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн ачык экендигин кошумчалады.

Андан ары Мамлекет башчысы пандемия бул вирус менен эч ким жалгыз күрөшө албастыгын көрсөткөнүн айтып, ЭКУнун бардык өлкөлөрү олуттуу экономикалык жоготууларга учураганына токтолду.

«Аны дүйнөдөгү ири державалар дагы токтото алган жок. Ошондуктан биз биргелешип аракет кылып, COVID-19дун айынан келип чыккан экономикалык жана социалдык кризистен чыгышыбыз керек», — деп айтты Садыр Жапаров.

Ушул контекст менен ал Уюмдун бул багытта жигердүү иштеп, мүчө-өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системаларынын колдо болгон ресурстарын топтоп, «COVID-19» менен күрөшүүдө алдыңкы тажрыйбаларды, медицина илиминин акыркы жетишкендиктери менен алмашуу, вакцинаны эрте иштеп чыгуу, каттоо жана киргизүү, ошондой эле ЭКУнун аймагында калкты эмдөө боюнча активдүү иштерди жүргүзүүгө кудурети бар экенин баса белгиледи.

«ЭКУ аймагы бардык керектүү потенциалга ээ, анын ичинде ири адамдык жана илимий ресурстар, эбегейсиз табигый ресурстар жана кеңири байланыш тармагы бар. Биздин өлкөлөрдү Улуу Жибек Жолу аркылуу соода — кызматташтыгы гүлдөп турган мезгилдерден бери келе жаткан, кылымдарды карыткан жалпы тарыхый жана маданий тамырлар бириктирип турат», — деди мамлекет башчы.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз