Пятница, 20 сентября

Мадуро : «Балким бир күн мусулман боломун»

0

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Анталияда Алааддин Кейкубат университетинин Амфи театрында өткөрүлгөн «Жаштык маектешүүлөр» аттуу проaграммасы үчүн барды.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Венесуэланын президенти Николас Мадуронун өзүнө «Дирилиш Эртугрул» сериалы тууралуу : «Бул сериал чыныгы исламиетти үйрөтүүдө, балким бир күн бул сериалдын саясында мусулман болом»,- деген оюн  билдирди.

Мевлют Чавушоглу Анталияда Алааддин Кейкубат университетинин амфи- театрында өткөрүлгөн «Жаштык маектешүүлөр» аттуу программасы үчүн Анталияга барды. Чавушоглун бул жерде ТРТнын көрүүчүлөрдүн саны рекорддук  санга жеткен сериалы «Дирилиш Эртугрул» сериалындагы кийимдерди кийип, ат үстүндө келген бир группа  тосуп алды.

«Дирилиш Эртугрул» сериалынын актерлорунан Энгин Алтан Дүзятан, Нуреттин Сөнмез жана Желал Ал, режиссер Метин Гүнай, сценарист Мехмет Боздаг да катышкан маектешүү программасында сөз сүйлөгөн Чавушоглу «Дирилиш Эртугрул» сериалынын бир бөлүгүнүн Аланияда тартылгандыгын, бул бөлүмдөрдүн эки жумадан кийин көрсөтүлөрүн айтты.

Министр Чавушоглу сентябрь айында Венесуэлага барганда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин «Дирилиш Эртугрул» сериалындагы көрүнүштөрдү Мадурого көрсөткөндүгүн белгилеп : «Мадуро кыйкырып ордунан турду. Сериалдагы аттарды бир бирден атагандан кийин тынчтанды жана андан кийин : «Бул сериал чыныгы иламиетти үйрөтөт жана балким бир күн бул сериалдын саясында мусулман боломун»,- деди. Муну укканда сыймыктанып жана бактылуу болдук»,- деди.

Актер Энгин Алтан Дүзятан да : «Мындай долбоорлор оңой эмес. Баары бир дене сыяктуу кыймыл кылышы керек. Бардык параметрлер туура чогулду жана менин да ролго ишенип колумдан келгенди аткаруум калган»,- деди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз