Пятница, 17 мая

Түрк элчиси «Манас» университетине барды

0

Түркиянын элчиси Жеңгиз Камил Фырат Кыргызстандагы дипломатиялык ишинин аягына чыгуусуна байланыштуу “Кыргыз-Манас-Түрк” университетине коштошуу зыяратына барды.

Бул жыйынга “Манас” университетинин ректору профессор-доктор Алпарслан Жейлан, ректордун жардамчысы Асылбек Кулмырзаев, университеттин сенатынын мүчөлөрү катышты.

Элчи Жеңгиз Фырат өз сөзүндө боордош эки өлкө арасында бир канча жемиштүү иштер аткарылгандыгын  баса белгиледи. Ал  “Түркиянын Кыргызстанга инвестиция көлөмү 1 млрд. доллардан ашты. Ошондой эле өнүгүүгө берилген расмий колдообуз да 1 млрд. доллардан ашты. Анын ичинде “Манас” университети да бар” – деди.

Бул жыйында “Манас” университетинин ректорунун жардамчысы Асылбек Кулмырзаев да сөз сүйлөп: «Түркиянын Кыргызстанга берген жардамы азайган жок, тескерисинче элчи тушунда көбөйдү жана эки боордош элдин ортосундагы карым-катнаш дагы да бекемделди» — деди.

Коштошуу зыяратынын соңунда элчиге кыргыздардын улуттук баш кийими болгон ак калпак белекке берилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз