Понедельник, 20 мая

Сутка ичинде коронавирус 44 адамдан аныкталды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 44 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 21;
  • Ош — 2;
  • Чүй облусу – 5;
  • Нарын облусу — 4;
  • Ысык-Көл облусу – 12.

Өткөн суткада COVID-19дан көз жумгандар болгон жок. Ал эми оорудан 46 адам айыгып чыкты.

Маалыматтарга таянсак, ооруканаларда учурда коронавирустан 344 адам дарыланууда.

«Стационардагылардын ичинен 88 бейтап оор, 14 киши өтө оор абалда жатат», — деп айтылат штабдын маалыматында.

Амбулатордук дарыланууда 261 бейтап бар экени кабарланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз