Түндө «Дордой» базарында контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм, Штаб жана атайын ыкчам топ тартылган.
Мындан сырткары, саат 21:25те Ички иштер министрлигинен 2 экипаж жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылгандыгы кабарланды.
Кырдаалды көзөмөлдөө үчүн өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов жерине барды.
«Дордой» базарынын аймагында жайгашкан дүкөндөн чыккан өрт саат 00:01де чектөөгө алынды.