Воскресенье, 19 мая

Европа өлкөлөрү AstraZeneca вакцинасынан баш тартты

0

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Евробиримдиктеги бир катар мамлекеттердин коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасынан баш тартканы боюнча маалыматты изилдеп жатканын РИА Новости уюмдун өкүлүнө шилтеме берип жазды.

Агенттиктин маектешинин айтымында, ДССУ эмне болуп жатканын түшүнгөндөн кийин өзүнүн тыянагын жарыялай турганын билдирген.

Буга чейин Sputnik радиосу австриялык 49 жаштагы аял коронавируска каршы ABV5300 номериндеги AstraZeneca препаратын алгандан кийин каза болуп калганын жазган. Ал эми 35 жаштагы дагы бир аялдын өпкө артериясында тромбоэмболия күчөп кеткени айтылган. Учурда ал дарыланууда.

Австриянын саламаттык сактоо коопсуздугу жаатындагы федералдык ведомствонун билдирүүсүнө караганда, бул окуяларга вакцинанын түздөн-түз тиешеси бардыгы тууралуу далилдер жок. Анткен менен аталган препараттарды колдонуу токтотулган.

Австрия менен кошо Европанын башка мамлекеттери дагы аталган вакцинадан баш тарткан. Алар: Эстония, Литва, Люксембург, Кипр, Латвия, Дания, Норвегия жана Исландия.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз