Пятница, 17 мая

Рамазан айы качан башталат?

0

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы орозо 13 же 14-апрелге туш келерин айтып, так датасы Рамазан айына жакын калганда кабарланарын билдиришти.

Ал эми коңшу Казакстанда орозо 14-апрель күнү башталат. Казакстан дин башкармалыгынын шариат жана фатва бөлүмү 2021-жылдагы диний күндөрдүн календарын бекитти.

Кадыр түн тогузунан онунчу майга караган түнгө туш келет. Ошондо казакстандыктар Орозо айтты 13-майда, Курман айтты 20-22-июлда белгилейт (айрым өлкөлөрдө айт майрамы үч күнгө созулат).

«Хиджра айларынын башталышы астрономиялык иликтөөлөр менен алектенген эл аралык борборлордун маалыматтарына негизделген. Адистер диний майрамдар айдын жаңырышына карап бир күнгө алдыга же артка жылып кетиши мүмкүн экенин айтышат», — деп жазылат Казакстан дин башкармалыгынын билдирүүсүндө.

.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз