Пятница, 17 мая

Өкмөт кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салды

0

Өкмөт кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифингде КРнын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылга карата маалымат боюнча, кумшекердин 56%ы ата мекендик компаниялар тарабынан өндүрүлөт, калган 44%ы коңшу өлкөлөрдөн импорттолот. Орусия, Казакстан жана Тажикстанда кумшекердин баасы өскөнүнө байланыштуу Кыргызстанда да социалдык керектөөдөү азык-түлүктөргө баанын өсүү тенденциясы байкалууда.

“Азыркы учурда өлкөдө эң керектүү азыктардын тартыштыгына жол бербөө жана алардын баасын түшүрүү үчүн КР премьер-министри Улукбек Марипов токтомго кол койду, ага ылайык, өлкөдөн кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салынат”, — дейт министр.

Белгилүү болгондой, азыркы учурда эң зарыл болгон азык-түлүктүн жетишсиздиги байкалбайт, мындай чара аргасыздан жана убактылуу болуп саналат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз