Четверг, 2 мая

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кезектеги саммити Казакстанда өтөт

0

31-мартта Казакстандын Түркстан шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин бейрасмий саммити өтөт. Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен өтө турган саммитке кеңешке мүчө бардык өлкөлөрдүн башчылары катышат деп күтүлүүдө.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Түркстанды Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору деп жарыялаган декларацияга кол коюу каралган.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши 2009-жылы октябрда түзүлгөн. Башкы максаты бардык тармактар боюнча өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү болгон бул эл аралык уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан мүчө. Венгрия кеңештин ишине байкоочу катары катышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз