Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка башкы прокурор Курманкул Зулушев кол койду.
Жапыкеев 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын мартына чейин жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) жетектеп келген.