Четверг, 2 мая

Акыйкатчы: Фарид Ниязов түрмөдө жатпашы керек

0

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү 23-мартта Бишкектеги №1 тергөө абагына кирип Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып камакта жаткан президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов менен жолугуп чыккан. Андан соң Акыйкатчы институтубул тууралуу маалымат тараткан. Маалыматта “Бул мединициналык аныктама оор илдеттердин катарына кирет. Андыктан мындай оорусу бар адамдардын кылмышка шектүү же соттолуучу катары камакта жатышы саламаттыгына оорчулук жаратат. Өкмөттүн 20-июнь 2018-жылдагы №296 токтому (“Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын кармалышына тоскоол болгон олуттуу оорулардын тизмесин бекитүү жөнүндө”) Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө негиз болот”, — деп жазылат.

3-мартта Мирсаид Миррахимов атындагы кардиология жана терапия борбору Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып камакта жаткан президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго 3-даражадагы гипертониялык оорусу бар деген диагноз койгон.

Акыйкатчы Токон Мамытов бул маалыматты мыйзам чегинде карап көрүү өтүнүчү менен башкы прокурор Курманкул Зулушевге кат жиберген.

Ниязовдун жактоочусу Замир Жоошев да Ниязовдун камактан чыгарылышын талап кылууда. Замир Жоошевдин белгилешинче, Жазык-процесстик кодекстин 118-беренесине ылайык кылмышка шектүү адамда оор илдет аныкталса, анын бөгөт чарасын жумшартса болот жана бул үчүн мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү орган катары прокуратура тергөө судьясына өтүнүч келтире алат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз