Пятница, 17 мая

Сутка ичинде коронавирус 98 адамдан аныкталды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 98 адамдан табылды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 48, Ошто — 1, Чүй облусунда – 36, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 1 кишиден вирус табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 86 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бишкекте – 44, Ошто — 2, Чүй облусунда – 25, Ош облусунда — 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 13.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир киши каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 503 бейтап, амбулатордук түрдө 616 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 374 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 809 киши айыгып чыкса, 1 миң 499 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз