Пятница, 17 мая

Эмдөөдөн өткөндөр экинчи дозасын качан алуусу керек?

0

“Биринчи радионун” эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын качан аларын айтты.

Эскерте кетсек, Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасынын биринчи дозасын алгачкылардан болуп шаардагы №7 Үй-бүлөлүк Бейшеналиев жана анын орун басарлары алган.

Министрдин айтымында, коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын эмдөөдөн өткөндөн кийин 21-28 күндөн соң алыш керек.

“Эмдөөнүн улуттук долбоорун иштеп чыкканбыз. Эмделген жаран 3 күн катары менен дарыгердин байкоосунда болот. Вакцина алган жарандын абалы начарлап кетсе, биздин адистер ага даяр. Бүгүнкү күндө 130дан ашык адам вакцина алды, бирөөсүнүн да абалы начарлаган жок”, — дейт министр.

Ошондой эле Алымкадыр Бейшеналиев өзүнүн абалы канааттандырарлык экендигин айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз