Четверг, 2 мая

Түркстан Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору деп жарыяланды

0

Түрк Кеңешинин саммитинин жыйынтыктоочу декларациясында Түркстандын Түрк дүйнөсүнүн руханий борборлорунун бири деп жарыялангандыгы жана Түрк дүйнөсүнүн берки байыркы шаарларына дагы ушул сыяктуу статустун берилиши мүмкүн экендиги маалымдалды.

Түрк Кеңешинин саммитинин декларациясында, жаңжалдан жапа чеккен аймактарды калыбына келтирүү жана интеграциялоо аракеттеринде Азербайжандын өкмөтү менен элине тилектештик баса белгиленди.

Кечээ түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда видеоконференция форматындагы бейрасмий саммити өткөн болчу. Бейформал саммитке Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров да катышып сөз сүйлөдү. Президент түрк дүйнөсүнүн инвестициялык фондун түзүү демилгесин колдоп, анын кеңсесин Бишкек шаарында жайгаштырууну сунуштады.

Жапаров фонддун түзүлүшү менен мамлекеттер ортосундагы инвестициялык климат, өз ара экономикалык кызматташтык жакшырарын белгиледи. Кыргыз президенти экономикалык кризис шартында кеңештин мүчөлөрү бири-бирине көмөк көрсөтүп, кыйынчылыктардан чыгып кетээрине ишеним артааарын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз