Пятница, 17 мая

Pfizerдин вакцинасы 12-15 жаш арасында 100 пайыз натыйжалуу экендиги жарыяланды

0

Американын фармацевтикалык Pfizer компаниясы менен Германиянын BioNTech компаниясы тарабынан иштелип чыккан коронавирустук  вакцинанын 12-15 жаштагы жаштар арасында да инфекциянын алдын алууда 100 пайыз натыйжалуу экендиги жарыяланды.

Pfizer жана BioNTech 12 жаштан 15 жашка чейинки 2 миң 260 адамга изилдөө жүргүзүлгөнүн жарыялады.

Билдирүүдө, вакциналардын жаштардын иммундук системасын кыйла жандандыргандыгы жана жаштардын чоңдорго караганда вируска каршы антителолорду көбүрөөк иштеп чыкканы байкалгандыгы белгиленди.

Экинчи жагынан, толук вакцинацияланган жаштарда бир дагы учур катталбагандыгы, бирок жалган вакцина менен эмделген 18 адамга вирус жуккандыгы маалымдалды.

Вакцинанын жаштарга да чоңдорго окшош терс таасирлери бар экендиги жана эмдөөдөн өткөн жаштардын өзгөчө 2-дозадан кийин дене табынын көтөрүлүшү, чарчоо, оору жана чыйрыгуу сыяктуу белгилердин байкалгандыгы билдирилди.

BioNTechтин 12 жаштан жогору жаштарга вакцинаны шашылыш түрдө колдонууга уруксат берүү үчүн Американын Азык-түлүк жана дары-дармек администрациясы менен Европадагы жооптуу органдарга кайрылууну пландап жатканы белгиленди.

Компаниянын 6 айдан 11 жашка чейинки балдарга вакцина сыноолору уланууда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз