Суббота, 4 мая

Жол эрежесин бузгандардын айып пулу азайтылат

0

Кыргыз өкмөтү жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айып пулдун көлөмүн азайтуу боюнча токтом долбоорун даярдап жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Facebook баракчасы аркылуу түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, айып пулду азайтуу чечимин кабыл алууга өлкөдө азык-түлүктүн жана күйүүчү майдын жогорулашы негиз болгон. Мындай каатчылыкты эске алуу менен учурда токтом долбоору даярдалууда. Жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет.

Айып пулдардын кайсы түрү жана канча сомго кыскартылары азырынча белгисиз.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз