Суббота, 18 мая

Канадада курамында графен бар маскаларга тыюу салынды

0

Канадада графен камтылган маскаларга тыюу салынды.

«Hindustan Times» гезитинин кабарына караганда, улуттук саламаттык сактоо саясаттарын жүргүзгөн Канаданын Саламаттыкты сактоо департаменти тарабынан кечээ жасалган билдирүүдө, курамында графен бар маскалардын ден-соолукка тийгизген таасирлеринен улам таркатылышынын, чыгарылышынын жана импорттолушунун токтотулушу талап кылынды.

Графенди камтыган маскалар боюнча изилдөө иштерин жүргүзгөн жетекчилер, алдын-ала баа берүүлөргө караганда графен бөлүкчөлөрү өпкөнүн ууланышына себеп болушу мүмкүн экенин белгилешти.

Сатылып жаткан графендүү маскалар «вируска каршы» жана «антибактериалдык» касиетке ээ деп айтылууда.

Нанотехнология менен чыгарылган маскалар Канадада жана Индияда кеңири колдонулаары белгилүү.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз