Пятница, 22 ноября

Spacex ракетасынын бир бөлүгү талаага түштү

0

Америкалык ракета, спутник жана космос кемесин чыгаруучу SpaceX компаниясына таандык ракетанын бир бөлүгү өлкөнүн түндүк-батыш тарабындагы Вашингтон штатындагы талаага түштү.

The Tri- City Herald гезитинин кабарына караганда, 4-мартта компаниянын Starlink спутниктерин космоско учурган Falcon 9 ракетасынын бир бөлүгү, Тынч океанынын жээгиндеги Вашингтон штатынын Грантон аймагындагы талаадан табылды.

Композит менен капталган бийиктиги болжол менен 1,5 метрдик металл бөлүгү, ракетанын жерге кайтып келе жатканда атмосферада күйүп кеткен экинчи этабына таандык экени белгиленди.

SpaceX бул бөлүктүн ракетага таандык экендигин ырастады.

SpaceX 4-мартта Флоридадагы Кеннеди космостук борборунан Starlink спутник тармагына кирген 60 спутникти Falcon 9 ракетасы менен учурган болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз