Пятница, 20 сентября

Түрк тилдүү элдердин маданий борборуунун стадиону оңдолууда

0

Быйыл, 2019-жыл, ТҮРКСОЙ тарабынан Ош – түрк тилдүү элдердин маданий борбору деп жарыяланган.

Анын алкагында 20дан ашык Эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлөт. Ачылыш аземи 20-апрелде борбордук стадиондо өтөт.

Ош шаарындагы А.Сүйүмбаев атындагы стадионун оңдоо иштери жергиликтүү ишкерлер жана демөөрчүлөр тарабынан колдоого алынып, ремонттолууда.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашев стадиондогу курулуш иштери менен таанышып, спорт сүйүүчүлөрүнө жакшы шарт түзүлө турганын билдирди. Бүгүнкү күндө стадиондун дарбазасы, тепкичтер, VIP-зал, чуркоо тилкеси, ичиндеги жуунучу жай жана ажатканасы оңдоодон өтүүдө.

“Шылтоо менен оңдоо иштерин колго алдык. Бизде эң негизги максат — спорт сүйүүчүлөрүнө шарт түзүп берүү болуп жатат. Күйөрмандар футболдук беттештерди ыңгайлуу жерде көрүш керек. Футбол да өнүгүп жатат. Быйыл колдон келишинче оңдойбуз. Президентибиздин аймактарды өнүктүрүү жылы боюнча жарлыгын ишкерлер да колго алып, жардам көрсөтүшүүдө. Кийинки жылдардан адамдар отурган жайлардын үстүн жабууну да планга киргиздик”,- деди мэр.

Акматбек Сүйүмбаев стадиону 1960-жылы курулуп, 12 миң көрүүчүгө ылайыкташкан. Стадион капиталдык оңдоодон акыркы жолу 2000-жылы өткөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз