Пятница, 20 сентября

Кытай жана Франция миллиарддык келишим түзүштү

0

Париж жана Пекин КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин Францияга жасаган иш сапары учурунда бир катар макулдашууларга кол коюшту.

Кытай лидеринин Францияга иш сапары расмий түрдө жекшембиде башталган, бирок сүйлөшүүлөрдүн негизги бөлүгү дүйшөмбүдө өттү. Кытай лидери өлкө президенти Эмманюл Макрон менен Париждин борборундагы Триумфальдык арканын астындагы түбөлүк отко гүлчамбар коюу иш чарасы учурунда жолугушту. Андан соң мамлекет башчылар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар документтерге кол коюу үчүн Елисей имаратына барышты.

Документтер кеңири чөйрөнү камтыйт, анын ичинде энергетика, маданият, космос авиа жана кеме куруу, ошондой эле маданий жана банк тармактарында кызматташтыктар бар.  Башка келишимдердин катарында Кытайдын 300 Airbus A320 жана А350 самолётторун сатып алуу тууралуу келишим түзүлгөндүгү жарыяланды.

Документтердин катарында 15 миң контейнер бата турган 10 жүк ташуучу кеме куруу боюнча келишим да бар.  Ошондой эле франциялык энергетикалык EDF компаниясы тарабынан Кытайда баасы 1 млрд. евро турган деңиздеги шамал электростанциясын куруу макулдашылды.

Мындан тышкары эки келишимде биргелешип спутник куруу жана Франция менен Кытайдын илимий борборлорунун ортосунда кызматташуу каралган.

Евробиримдик – Пекиндин ири соода өнөктөшү, бирок ЕБде көпчүлүгү өкмөттүн каржылык колдоосун алган кытайлык компаниялар тарабынан тең эмес атаандаштыктан чочулашат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз