Воскресенье, 19 мая

Эртеңден тарта «Манас» аэропортунда чектөөлөр киргизилет

0

«Манас» эл аралык аэропортунун аймагындагы аэровокзал комплекстерине 17-апрелден тарта бир катар чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу учак жайдын маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим коронавирус боюнча абалга байланыштуу башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Улук-Бек Бектурганов тарабынан кабыл алынганын маалымат кызматы билдирди.

Чектөөлөрдүн тизмеси:

  • 00:00дөн 7:00гө чейин бөтөн адамдарга, анын ичинде узатып, тосуп алгандарга кирүүгө тыюу салынат. Жүргүнчүлөрдү аэровокзал комплекстерине киргизүү авиабилет менен жүргүзүлөт;
  • Аэропортко келгендердин жана учуп кеткендердин дене табы текшерилип, адистер тарабынан термометрикалык көзөмөл жүргүзүү күчөтүлөт;
  • Авиажүргүнчүлөрдү узатуучу жана тосуп алуучулардын ыңгайлуулугу үчүн аэровокзалдык комплекстердин жанына отургучтар орнотулат;
  • жүргүнчүлөр учуу алдындагы көзөмөлдөн өтүүдө каттоо аймагында бет кап кийип, аралыкты сактоого тийиш.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз