Пятница, 22 ноября

Токмок шаарында «Коопсуз шаар» долбоору боюнча камералар орнотулууда

0

Токмок шаарында «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабынын алкагында фото жана видеокамералар орнотулуп жатат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Камералар коюла турган кесилиштердин тизмеси:

  • Сарбагышев/Ленин;
  • Шамшы/Ленин;
  • Гагарин/Шамшы;
  • Дунларов/ Ибраимов (мурдагы Горький);
  • Ибраимов/Дубовицкий;
  • Жантаев/Шамшы.

Мындан сырткары Кара-Балта, Ош, Жалал-Абад жана башка шаарларда да камералар орнотулуп жаткандыгы кабарланды. Кара-Балтада камералар беш жерге коюлмакчы.

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын Shenzhen Sunwin Intelligent Co.Ltd компаниясы ишке ашырууда. Жалпы 306 жерге атайын жабдуу орнотулат, анын 266сы стационардык, 40ы көчмө камера болот.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз