Воскресенье, 5 мая

Айсулуу Тыныбекова төртүнчү ирет Азия чемпиону болду

0

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Алматы шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынан алтын медаль утуп алды.

Тыныбекова финалда монголиялык балбан менен кез келип, натыйжада 11:0 эсеби менен жеңишти камсыздады.

Ал 62 килограммдык салмак категориясында күрөштү. Этаптык беттештерде Индия, Казакстан, Корея жана Өзбекстандын спортчуларын жеңип, финалга чыккан.

Айсулуу Тыныбекова ушуну менен төртүнчү ирет Азия чемпиондугун багындырууда. Буга чейин Таиланддагы (2016), Индиядагы (2017) жана Кытайдагы (2019) турнирлерден алтын менен кайткан. Ал эми былтыр Нур-Султанда дүйнө чемпиону болуп, Токио Олимпиадасына жолдомо алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз