Пятница, 26 апреля

Садыр Жапаров Афганистан жана Кытайдан келген этникалык кыргыздарды жарандыкка кабыл алуу боюнча жарлыкка кол койду

0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, 111 адам, алардын 60ы чоң киши жана 51и бала Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышты.

Алардын баары Афганистан Ислам Республикасынан жана Кытай Эл Республикасынан келген этникалык кыргыздар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз