Четверг, 2 мая

Мария Айтматованын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат

0

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова бүгүн, 21-апрелде Бишкекте жерге берилет.

Айтматов атындагы эл аралык фонддон билдиришкендей, маркум менен коштошуу зыйнаты саат 11де жазуучунун үй-музейинде болот. Сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

79 жаштагы Мария Айтматова 20-апрелде коронавирустан көз жумду.

Чыңгыз Айтматов экөөнүн ортосунда Ширин жана Элдар аттуу балдары бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз