Пятница, 17 мая

Төө-Ашуу менен Ала-Бел ашууларына кар түштү

0

Төө-Ашуу менен Ала-Бел ашууларына кар түшкөндүктөн айдоочулар жолго даярдык көрүп, анан чыгышы керектигин Транспорт жана жолдор министрлиги эскертти.

«Төө-Ашуу менен Ала-Бел ашууларына 10-15 сантиметр калыңдыктагы кар түшүп, учурда тиешелүү жол кызматы трассаны тазалап жатат. Айдоочуларга сапарга чыгар алдында тайгалакта пайдалануучу шаймандарды даярдап алышын жана автоунаалар ортосунда 500 метр аралыкты сактап, абайлап айдоосун эскертебиз», — деп айтылган маалыматта.

Транспорт министрлиги автоунаа ээлеринен автотыгын жаратпаш үчүн жолдун каршы тилкесине чыкпай, руль башкарып бара жаткандар зарылдык жаралса бири-бирине тилектештик көрсөтүүсү керектигин айткан.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз