Воскресенье, 28 апреля

Кыргызстанда коронавирустун 4 штаммы аныкталды

0

Кыргызстанда коронавирустун «британиялык», «индиялык», «түштүк африкалык» жана «россиялык» штаммдары бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин өлкөдө «британиялык» штаммы бар экенин министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирген эле.

Маалыматка ылайык, 26-мартта министрликтин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Улуттук вирусологиялык лабораториясы Новосибирскидеги лабораторияга анализдерди жөнөткөн. Натыйжада өлкөдө коронавирустун төрт штаммы бар экени аныкталган.

Буга байланыштуу министрлик санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоого чакырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз