Воскресенье, 28 апреля

Электр жарыгы үчүн жаңы тариф качан күчүнө кирет?

0

Садыр Жапаровдун электр кубаты үчүн сунуштаган тарифи үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына чейин күчүнө кирбейт. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Журналисттер ага электр энергиясына болгон жаңы баа качан бекитилери жөнүндө суроо узатышты. Министрдин айтымында, тарифтер боюнча сунуш коомдук талкууга коюлат. Ар бир жаран бул боюнча өз сунушун бере алат. Алардын бардыгы эске алынып, кээ бири кабыл алынат. Ушундан кийин гана өкмөткө долбоор жөнөтүлөт.

«Бардык процедуралар август айынын соңуна чейин аякташы керек», — деди министр.

Эске салсак, кечээ күнү президент Садыр Жапаров аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясынын бир киловатт/саатын 74 тыйындан сатууну сунуштады. Ал эми жашоо шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочуларына 1,04 сомдон эсептөө сунушталса, калган жашоочулар колдонулган электр энергиясынын көлөмүнө карабастан 1,48 сомдон төлөшү керек болот (кышында 1000 киловатт/сааттан ашса 2,29 сомдон эсептелиши мүмкүн).

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз