Воскресенье, 28 апреля

Бишкекке Орусиянын «Спутник V» вакцинасы алып келинди

0

Бишкекке Орусиядан «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы алып келинди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-апрелде COVID-19га каршы Орусиянын эки компоненттүү «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозанын түзгөн биринчи партиясы Кыргыз Республикасына келди.

Кыргызстан жалпы жонунан бул препараттын бир миллион дозасын алмакчы, анын 500 миңи гуманитардык жардам катары берилет.

Бүгүнкү партиянын бир дозасы мамлекетке 10 доллардан айланган. 20 миң дозанын 10 миң адамга жетери айтылды.

Вакцина алуу боюнча президент Садыр Жапаровдун Москвага жасаган сапарынын учурунда макулдашылган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз