Воскресенье, 28 апреля

Дем алыш күндөрү баш калаада кезектеги жарманке өтөт

0

Дем алыш күндөрү Бишкекте айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Шаардыктар үч жерде уюштурулган жарманкеге бара алышат:

Раззаков көчөсүнүн Токтогул жана Киев көчөлөрү менен кесилишкен бөлүгүндө;

12-кичи райондогу Нуркамал Жетикашкаева менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде;

Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.

Жарманке эртең мененки саат 10:00дө башталат. Мэрия шаардыктарды санитардык нормаларды, аралыкты сактоо керектигин эске салды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз