Воскресенье, 28 апреля

Бишкекте 15 мектеп аралыктан окутууга өттү

0

Окуучулардын арасында COVID-19 менен ооругандар катталгандыктан Бишкек шаарында 15 мектеп толугу менен онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын алдындагы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлмира Акматова расмий брифингде маалымдады.

Анын айтымында, дагы 14 мектепте айрым класстар аралыктан окуп жатат.

Акматова ырастагандай, учурда шаарда 45 окуучу жана 24 мугалим COVID-19 илдети менен ооруп жатат.

Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жугузуп алгандардар көбөйүүдө. Алардын көбү Бишкек менен Чүйдө. Бул оору жалпысынан 93 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңдей бейтап каза болду.

Бишкекте муниципалдык 97 орто мектеп бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз