Воскресенье, 28 апреля

Сутка ичинде коронавирус 272 адамдан табылды

0

Сутка ичинде коронавирус дагы 272 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 148, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 86, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 18, Нарын облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 163 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 78, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 52, Ош облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 6, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 15, Баткен облусунда – 4 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 406 бейтап, амбулатордук түрдө 1 609 адам дарыланууда. 1004 бейтаптын абалы орто оордукта, 330 адамдын абалы оор жана 59 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 93 миң 278 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 87 миң 717 киши айыгып чыкса, 1 миң 573 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз