Понедельник, 13 мая

Кадыр түн качан болоору анык болду

0

Быйыл Кадыр түн 9-майга караган түнү болот. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Орозо айт качан болорун Аалымдар кеңеши аныктайт. Майрам айдын чыгышына жараша Рамазан айынын акыркы күндөрү так айтылат.

Быйылкы Орозо айы 13-апрелде башталган. Кадыр түн орозонун 27-түнүндө тосулат.

Бул түнү ислам динин кармангандар таң атканча уктабастан, жакшылык тилеп, куран окушат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз