Суббота, 4 мая

Түрк дүйнөсүнүн балдары Бакуга чогулду

0

Азербайжанда Түрк дүйнөсүнүн балдары катышкан 23-Апрель Улуттук эгемендик жана Балдар майрамына карата иш-чара болуп өттү.

Борбор шаар Бакуда Түрк маданият жана мурас фонду тарабынан уюштурулган иш-чарага Азербайжан менен катар Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриядан балдар катышты.

Түрк маданият жана мурас фондунун жетекчиси Гүнай Эфендиева иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө, балдарды 23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар майрамы менен куттуктады.

Түрк өлкөлөрүнүн ортосунда абдан жакшы мамилелердин бар экендигин белгилеген Эфендиева, балдардын да бир тууган өлкөлөрдүн маданиятын таанып-билиши керектигин баса белгиледи.

Иш-чара балдардын өнөрлөрү менен уланды.

Эфендиева иш-чаранын аягында балдарга сертификаттарды жана белектерди тапшырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз