Суббота, 18 мая

Сутка ичинде коронавирус 199 адамдан табылды

0

Сутка ичинде коронавирус дагы 199 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 138, Ош шаарында – 9, Чүй облусунда – 29, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 11, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 146 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 106, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 27, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 9 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 1, Нарын облусунда 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 449 бейтап, амбулатордук түрдө 1 801 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1029 бейтаптын абалы орто оордукта, 345 адамдын абалы оор жана 62 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 94 миң 30 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 88 миң 212 киши айыгып чыкса, 1 миң 584 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз