Воскресенье, 19 мая

Бензиндин баасы дагы көтөрүлдү

0

Кыргызстан боюнча күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене баасы дагы деле өсүп жатканын Улуттук статистика комитети кабарлады.

Апрель айында АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин наркы орто эсеп менен 49,98 сомду түзүп, өткөн жылдын аягына салыштырмалуу 34,2 пайызга өскөн. Ал эми дизель майынын баасы 44,15 сомду түзүп, 6 пайызга жогорулаган.

Ошол эле учурда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин чекене баасы республикалык орточо көрсөткүчтөн Исфана (бир литри 51,92 сом), Баткен (51,72 сом), Кара-Суу (50,63 сом), Кербен (50,52 сом) шаарларында жогору болуп турат.

Ал эми минималдуу баалар Балыкчы (бир литри 48,37 сом), Нарын (48,60 сом), Токмок (48,93 сом) жана Чаек айылында (48,70 сом) катталды.

Өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канат Эшатовдун айтымында, май айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы төрт пайызга (эки сомго) кымбатташшы күтүлүп жатат. Адистер буга мунайдын баасы дүйнө жүзүндө жогорулап жатканы себеп экенин айтып келет.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз